Кыргызстанда бир нече жыл мурун бөгөттөлгөн ТикТоктун иштөөсүн кайра жандантуу маселеси эми Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Парламенттин 15-апрелдеги отурумунда депутат Махабат Мавлянова өкмөттөн бул социалдык тармакты ачуу маселесин кароону суранды.
Депутат ТикТок кыргызстандыктар үчүн көңүл ачуучу портал гана эмес, каражат табуучу булакка да айланганын белгиледи.
«Ансыз деле VPN менен кирип, көрүп атышат, демек бөгөттөө максатына деле жеткен жок. Албетте, биз улуттук коопсуздук, жаш муундардын тарбиясы сыяктуу маанилүү маселени эске алуубуз керек. Бирок тыюу салуу менен эч нерсе чече албайбыз. Бул платформа айрым жарандарыбыз үчүн киреше булагы да болуп калды», — деди Махабат Мавлянова.