• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Кыргызстанда жаңы жылда канча ымыркай төрөлдү?

1 Үчтүн айы 2023 15:59 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 31-декабры саат 8:00дөн 2023-жылдын 1-январы саат 8:00гө чейин өлкө боюнча 298 ымыркай төрөлгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Ымыркайлардын 165и уул, 133ү кыз болгон. Алардын ичинен Ош облусунан бир келин эгиз төрөгөн. Ал эми Бишкек шаарында 22 уул, 24 кыз төрөлгөн.

Жаңырган жылдын биринчи ымыркайы Ош шаарындагы перинаталдык борбордо 3.300 кг салмакта уул төрөлгөн. Андан соң 00:05те Ысык-Ата райондук төрөт үйүндө 3.450 кг салмакта уул, 00:10до Сокулук райондук төрөт үйүндө 3.175 кг салмакта кыз жарыкка келген.

Количество просмотров: 559