Жалал-Абад облустук милициянын маалыматы боюнча, 8-октябрында 14:40 чамасында Манас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкери тарабынан чалуу келип, анда Манас шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин эшигинин алдына жаңы төрөлгөн наристени таштап кеткендиги боюнча маалымадаган.
Аталган факты Манас ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Манас ШИИБдин тергөө тобу окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, табылган ымыркайды Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүп беришкен. Ымыркайдын абалы туруктуу экени айтылды.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Манас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин негизинде ошол эле күнү 17:00 чамасында ымыркайдын энеси аныкталган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ымыркайын таштагын кыз 15 жашта экени айтылды.