• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда жапа чеккендерге компенсация төлөө үчүн фонд түзүлөт

17 Баш оона 2018 10:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

Кыргызстанда укуктук жапа чеккендер үчүн атайын фонд түзүү сунушталды. Мыйзам долбоорун ички иштер министрлиги коомдук талкууга койду.

Документ жапа чеккендерге акы төлөп берүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктайт.

Кылмыш-жаза кодексинде белгилендей, жабыр тарткан адамга келтирилген зыяндын орду толтурулушу абзел.

Дүйнөлүк практикада эгер айыпталуучу жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтиргенден кийин кенемте төлөнбөсө, мамлекет атайын фонд ачышы керек экени белгилүү.

Кошумчалай кетсек: Алдын ала пландар боюнча, бул фонд республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, Финасы министрлигинде түзүлөт.  Материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу тартиби соттун чечими менен аныкталат.

Компенсация төлөп берүү зомбулук кылмыштарынан жабыр тарткандарга гана төлөө сунушталды.

Количество просмотров: 16