• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын өлүмү көбөйдү. Себеби эмнеде?

17 Аяк оона 2018 9:41 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV

Кыргызстанда жылдын башынан бери бир жашка толо элек 1 627 ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирген.

Анын айтымында, бул 2017-жылдын ушул маалдагы көрсөткүчүнө салыштырмалуу көптүк кылат. Былтыр алгачкы сегиз айда өлкөдө бир жашка чейинки балдардын арасында 1 596 өлүм катталган.

Асылбашева буга эрте төрөт, тубаса кемтик менен төрөлүү жана башка факторлор себеп экенин белгилейт. Башкы гинеколог буга анализ жасалып, балдардын өлүмүн алдын алуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жыл башында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзүндө чарчап калган ымыркайлар жөнүндө отчет жарыялап, балдардын өлүмү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турарын кабарлаган.

Акыркы үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда жылына 150-155 миңдин тегерегинде бала төрөлөт.

Количество просмотров: 42