• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстанда бир жума ичинде 300дөн ашуун мас айдоочу кармалды

24 Аяк оона 2018 13:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын өлкө ичиндеги кызматкерлери, акыркы бир жуманын ичинде,  Кыргызстанда 20 миң 581 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат бөлүмү билдирди.
Мунун ичинен 2 миң 226 адам автоунаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн кармалса, 337 айдоочу мас абалында колго түшкөн. Калгандары башка эрежелерди бузган.
Натыйжада бир жуманын ичинде миңден ашуун автоунаа айып короосуна киргизилген.
Количество просмотров: 17