• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстанда жер титиреди

7 Үчтүн айы 202522:26 Бишкек Govori.TV

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 16:37де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылында жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек айылында 2 баллга чейин Көсө-Терек айылынан 13 чакырым түндүк чыгышка, Жетиген айылынан 18 чакырым түштүк батышка, Кетмен-Төбө айылынан 25 чакырым түштүккө, Токтогул шаарынан 45 чакырым түштүк чыгышка чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 779