• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандаги мигранттардын көбү кытайлар

23 Жетинин айы 2018 10:24 Бишкек Govori.TV

2018-жылдан башынан бери Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлүк 12 миң жаранга иштөө үчүн уруксат документтери берилген.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда 91 өлкөнүн жарандары уруксат алып иштеп жатышканы менен флардын 75% же он миңге жакыны Кытай өлкөсүнүн жарандары болуп саналышат. 2018-жылдын октябрь айындагы маалыматка караагнда кыргыз өкмөтү 16 миң 490 чет элдик адиске квота бөлгөн. Ал эми азыркы күнгө 74% гана квота берилген.
Ошондой эле, 722 чет өлкөлүк жеке ишкерге Кыргызстандын базарларында иштегенге уруксат берилсе, 2018-жылдын тогуз айында уруксат документтерин алганы үчүн республикалык бюджетке 43,0 млн. сом түшкөн. Башка өлкөдөн келгендердин жарымы Бишкекте, тактап айтканда көбү курулуш, тоо-кен, энергетика, соода, тамак-аш тармагында эмгектенет.
Эске салсак, буга чейин парламентте өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканы менен Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экендиги айтылып келгени менен чара көрүбөй келет.

Количество просмотров: 9