Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди.
Буга чейин кабарлангандай, сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.