• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Кыргызстандан малды башка өлкөгө чыгарууга тыюу салынды

19 Жетинин айы 2020 13:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев  жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирген. 

«Биздеги маалымат боюнча азыр Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Бирок, сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Себеби, ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар», —  деп билдирген министр.

Белгилей кетсек, тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон тарта күчүнө кирет.

Количество просмотров: 3337