• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргызстандан Орусияга уча турган аба каттамдарынын жадыбалын жарыяланды

1 Аяк оона 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин 1-сентябрдагы маалыматына караганда, Бишкек менен Оштон Орусиянын аймактарына уча турган рейстердин жадыбалы жаңыланды.

https://www.facebook.com/RusEmbassyKyrgyzstan/posts/3203191186465431

Белгилей кетсек, Орусиянын аймактарына учуш үчүн жарандарга бир катар талаптар коюлат. Орусиянын жарандары сапарга чыгардын алдында мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталында атайын документти толтурушу керек. Үч күн мурда коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын аталган порталга жүктөөгө тийиш.

Кыргызстандагы «Бонецкий» жана «Аква Лаб» лабораторияларына тапшырылган анализдердин жыйынтыктары кабыл алынат жана ал мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталына жүктөлөт.

Аба каттамдарынын 13-сентябрга чейинки жадыбалы төмөнкүдөй түзүлдү:

Бишкек — Екатеринбург, 2-сентябрь, 4.45;

Ош — Москва, 4-сентябрь, 7.45;

Бишкек — Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 7.35;

Ош — Санкт-Петербург, 5-сентябрь, 21.55;

Ош — Новосибирск, 6-сентябрь, 18.10;

Ош — Екатеринбург, 7-сентябрь, 5.10;

Бишкек — Москва, 8-сентябрь, 4.55;

Ош — Москва, 8-сентябрь, 6.50;

Ош — Новосибирск, 8-сентябрь саат 17.45те;

Бишкек — Екатеринбург, 9-сентябрь, учуу мөөнөтү такталууда;

Ош — Москва, 11-сентябрь, 7.45;

Бишкек — Екатеринбург, 12-сентябрь, 7.35;

Ош — Санкт-Петербург, 12-сентябрь, 21.55;

Бишкек — Новосибирск, 13-сентябрь саат 18.10до.

Количество просмотров: 542