• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

6 Бугу 2020 14:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан Өзбекстанга гуманитардык жардам жөнөтүү аракеттери көрүлүп жатат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров парламенттин бүгүн, 6-майдагы отурумунда айтты.

Гуманитардык жардам цемент, азык-түлүк, жууркан жана башка керектүү каражаттардан турат.

1-майда Өзбекстанда Сырдарыя облусундагы суу сактагычта дамба жарылып, бир нече айылды суу каптаган. Болжол менен 70 миңдей адам куткарылып, бир нече социалдык объектилер суу алдында калды. Алгачкы куткаруу иштеринин жүрүшүндө Өзбекстандын Улуттук Гвардиясындагы 2 аскер кызматкерин сел агызып кеткени маалымдалган.

Количество просмотров: 3959