• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандан жыгач экспорттоого убактылуу тыюу салынды

28 Бугу 202514:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коддору) ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды.

Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 159