• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Кыргызстандык 10 балбан күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышат (тизме)

21 Тогуздун айы 2022 14:54 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азербайжанда өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 3-7-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтөт.

Анда Кыргызстандын намысын төмөнкү балбандар коргойт:

  1. Улан Муратбек уулу, 55 кг;
  2. Нурмухаммед Абдуллаев, 60 кг;
  3. Калы Сулайманов, 63 кг;
  4. Халмурат Ибрагимов, 67 кг;
  5. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
  6. Акылбек Талантбеков, 77 кг;
  7. Калидин Асыкеев, 82 кг;
  8. Азат Салидинов, 87 кг;
  9. Үзүр Жусупбеков, 97 кг;
  10. Эрлан Манатбеков, 130 кг,

Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков, башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогуна Эл аралык күрөш уюмунун рейтинги боюнча алдыңкы бештикке кирген мамлекеттердин балбандары катышат. Бул рейтинг Сербияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен бекитилген.

Количество просмотров: 4342