• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн 3 балбан килемге чыгат

19 Аяк оона 202511:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча 60 кг, 72 кг, 97 кг чейинки салмак категорияларында балбандар килемге чыгат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан 60 кг чейинки салмакта Акыл Сулайманов 1/16 финалдык баскычындагы алгачкы беттешин литвалык Юстас Петравичюс менен өткөрөт.

Ал эми 72 кг салмакта Амантур Исмаилов да 1/16 финалдан баштап, ирандык Сайед Даниял Сохраби менен таймашат.

97 кг салмакта Үзүр Жузупбеков 1/8 финалга чыгуу үчүн египеттик Мохамед Али Габр менен күч сынашат.

Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Количество просмотров: 167