• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык альпинист Асель Байбагышева Эверест чокусуна чыкты

11 Бугу 202518:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз альпинисти Асел Байбагышева Эверестти багындырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, Асел Байбагышева Эверестке чыккан биринчи кыргызстандык аял болуп калды.

«Асел — дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусуна Кыргызстандан чыккан биринчи айым. 11-май биздин спорт үчүн тарыхый күн. 1-2 күн ичинде альпинистибиз негизги лагерге аман-эсен түшүп алсын. Асел тоо кут болсун!», — деди Эдуард Кубатов.

Белгилей кетсек, Непалдагы Эверест чокусу деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашкан.

Асел Байбагышева Эверестти багындыруу үчүн сапарга 14-апрелде аттанган. Аны тоого чыгууда альпинист Кадыр Сайдилкан коштоп жүрөт.

Количество просмотров: 158