• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын айым депутаттары Эверестти багындырган Байбагышева менен Акимжанованы сыйлашты

4 Кулжа 202517:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин айым депутаттар форумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда дүйнөнүн эң бийик чокусу — Эверестти багындырган Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжановага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык каты тапшырылды.

Айым депутаттар форумуна катышкан эл өкүлдөрү кыргыздын эки айымы Эверестти багындырып, өлкөнүн желегин желбиретип келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип куттукташты.

Эвересттин чокусуна эрки күчтүүлөр гана чыккан сейрек көрүнүш экенин белгилеп, эл өкүлдөрү кыргыздын кыйын кыздарынын тизмеси Асел Байбагышева жана Рысгүл Акимжанова менен толукталганын айтышты.

Количество просмотров: 210