• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатында медалсыз калышты

31 Тогуздун айы 202416:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Албанияда өткөн дүйнө чемпионатында бир да медаль ала алган жок.

Эске салсак, ушул күндөрү Тирана шаарында олимпиадалык эмес салмак категориялары боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Эркектер жана аялдар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жалпысынан 12 комплект медаль ойнотулууда.

Кыргызстандын курама командасынын атынан 7 балбан катышып, 9 беттеште эки гана жеңишке жетише алышты.

Кыргыз курама командасы акыркы жолу 2015-жылы АКШда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатындагы лицензиялык турнирде медалсыз калган эле.

Количество просмотров: 731