Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Польшада өткөн эл аралык турнирде 8 медалга ээ болду.
68-ирет Владислав Пытлясинскийдин элесине арналган турнир 30-31-июль күндөрү Варшавада өттү. Жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду.
Кыргызстандын курамасында 10 спортчу күч сынашып, 8 медаль — 3 алтын, 1 күмүш жана 4 коло байге утуп алышты.
Кыргызстандан барган команданын курамында Узур Жузупбеков Менен Эрлан Манатбеков медалсыз калышты.
Ошондой эле аталган турнирге Амантур Исмаилов менен Акжол Махмудов катышаары, бирок виза маселесинен улам Польшага уча албай калганы кабарланган.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын жыйынтыктары
55 кг чейин
1 орун-Акыйкат Кулжигит уулу
3-орун-Улан Маратбек уулу
60 кг чейин
1-орун — акыл Сулайманов
63 кг чейин
1-орун-Шоламан Шаршенбеков
67 кг чейин
2-орун-Раззак Бейшекеев
72 кг чейин
3-орун-Ырыскелди Хамзаев
77 кг чейин
3-орун-Ырыскелди Максатбек уулу
87 кг чейин
3-орун-Асан Жанышов