Kaktus media сайтынын маалыматына караганда, кыргызстандык Ислам Закиров аттуу 18 жаштагы жигит Россияда террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилген. Бул жигит Рецидив деген каймана ат менен белгилүү. Мындай тизме Росфинмониторингдин сайтына жарыяланганы белгилүү болду.
Ислам Закиров 2006-жылы туулган. Аны 2024-жылы Москванын Бутырск соту улут аралык кастыкты козуткандыгы, касташууга чакыргандыгы үчүн бир жыл сегиз айга түрмөгө кескен. Ага чейин Россиянын Тергөө комитети «Улуттук белги боюнча жек көрүүчүлүк менен касташууну козуткан аракеттерди жасаган» деген Кылмыш кодексинин беренеси менен И. Закировго каршы кылмыш ишин козгогон.
Ага козголгон кылмыштын негизинде И. Закировдун сүйлөгөн сөздөрү келтирилген, интернет колдонуучулар аны улут аралык касташууга чакыруу катары баалашкан. Закиров 2023-жылы камакка алынган.