• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиададан 17 медаль утту

15 Үчтүн айы 2024 9:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык окуучулар математика, физика жана информатика боюнча XX эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасынан 17 медаль утту. Анын ичинен күмүш — 4, коло — 13. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты.

Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда катышып, үч окуучу жекече катышты.

Математика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Киргизбаев Назар, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
  2. Асанкадыров Айдин, Е.Б Якир атындагы №61-автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси,10-класс – күмүш медаль;
  3. Эшперов Нурсултан, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 10-класс – коло медаль.

Тренерлери — Ишматов Мамат, Мамбетов Тимур.

Физика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Турдукеев Атай, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;
  2. Бектур Баратали, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль;

Тренери – Дүйшөн Сатыбалдиев.

  1. Аскар Абдиев, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 10-класс – коло медаль;
  2. Анаралы уулу Эмир, А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Сабыров Чынтемир, Ажибаев Улукбек.

  1. Эмильбеков Айтегин, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 9-класс – коло медаль.

Тренери – Алмурза уулу Алтынбек.

Информатика предмети боюнча медаль алган окуучулар:

  1. Лебиев Абдулазиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  2. Айдарбеков Алихан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – күмүш медаль;
  3. Исхак Тажибаев, “Кут-Билим” окуу-тарбия комплекси, 10-класс – коло медаль;
  4. Садирбеков Санжар, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  5. Абдирасулов Абдуллахан, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 8-класс – коло медаль;
  6. Алманов Кутбол, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  7. Джамалов Тенгиз, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 10-класс – коло медаль;
  8. Майрамбеков Байторо, Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси, 11-класс – коло медаль.

Тренерлери – Урайымов Кылычбек, Талант Арстанов, Манас Саматов, Мирбек Бакиров, Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов.

  1. Талыпов Эмиль, “Газпром Кыргызстан” мектеби, 11-класс – коло медаль.

Тренери – Осмонов Медербек.

Эл аралык Жаутыков олимпиадасы — мектеп окуучуларынын командалык мелдеши. Ар бир команда 3 математик, 2 физик, 2 информатик жана 2 менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Бул жылы окуучулар жекече катыша алышты.

Количество просмотров: 98