• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык рэпер Bakr Россияга кире албай аэропортто кармалган

19 Жетинин айы 202513:56 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык таанымал рэпер Бакрды Орусиянын аймагына киргизбей коюшту. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, ал концерттик тур менен Россияга 17-ноябрда барганында, Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кармалган.

«Эч түшүндүрбөстөн Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салышты. Андан соң мени күтүү бөлмөсүнө киргизишти, мен Бишкекке кайра учуп кетүүгө аргасыз болдум. Ал жерде эртең мененки 10дон кечки 9га чейин отурдум. Бишкекке учуп келген соң мага Орусиянын аймагына кирүүгө баш тартуу боюнча токтомду беришти. Андагы себеп катары Орусиянын аймагына кирүүгө уруксат жок экени көрсөтүлгөн”, — деп жазды рэпер.

Bakr учурда командасы менен юристтерден кеңеш алып, доо арыз даярдап жатканын билдирди.

Количество просмотров: 103