Ulukmanapo каймана аты менен таанымал болгон жергиликтүү ырчы Улукман Осмоналиев бала бакчанын күзөтчүсүнө кол салды деп маалымат каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарга таянып билдиришкен.
Маалыматта, окуя кечээ, 28-августта, болжол менен саат 16.30да Фрунзе көчөсүндө жайгашкан бала бакчалардын биринде болгон. Булактардын айтымында, ырчы менен эркек кишинин ортосунда оозеки жаңжал чыгып, анын кесепетинен Осмоналиев күзөтчүгө кол салган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ басма сөз кызматы 24.kg сайтына бул факты Маалыматтарды каттоо журналына катталганын жана тергөөгө чейинки текшерүү башталганын билдирди. Алдын ала маалыматтар боюнча, бала бакчанын аймагына эки жашар бала чуркап кирип кеткен, анын артынан 33 жаштагы У.О. кирип барган.
65 жаштагы күзөтчү аларга эскертүү берип, эгер бала ооруп калса, инфекция башка балдарга жугушу мүмкүн экенин түшүндүргөн, андан кийин эркектердин ортосунда чыр чыккан. Жаңжалдын жүрүшүндө баланын атасы күзөтчүгө кол салган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды, анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечимдер кабыл алынат.
Бирок ырчы бул маалыматты четке какты. Бүгүн, Улукман Осмоналиев жана аны сабады деп айыптаган күзөтчү чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салышты. Бул тууралуу ырчы өзү билдирди.

Анын айтымында, окуя турмуштук кырдаалдагы түшүнбөстүктөн улам келип чыгып, оозеки жаңжал болгон.
«Бирок биз байке (күзөтчү) менен бул маселени тынчтык жолу менен чечтик. Мен анын дарегине айтылган сөздөр үчүн кечирим сурадым», — деди ал.