• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстандык режиссердун тасмасы Оскарга ат салышууга мүмкүнчүлүк алды

19 Бугу 202519:59 Бишкек Govori.TV

Оберхаузен фестивалына режиссер Илгиз-Шернияз Турсунбек уулу катышып, анын «Жайлоого карай узак жол» даректүү тасмасы гран-прини утуп алды.

Маалым болгондой, бул жылкы сынакта жалпы 6 600 кинонун ичинен 42 мамлекеттин 124 тасмасы тандалып алынган. Ал эми Орто Азиядан бир гана кыргызстандык фильм конкурска өтө алган. Бул эгемендик жылдарындагы А класстагы фестивалдын баш байгесин утуп алган алгачкы кыска метраждуу тасма болуп саналат.

Белгилей кетсек, Оберхаузен фестивалын жеңгендердин тасмасы Оскар сынагында ат салышууга мүмкүнчүлүк алмакчы.

Илгиз-Шернияз гран-приден тышкары Германиянын бир аймагынын (Түндүк Рейн-Вестфалия) Маданият жана илим министрлигинин экинчи премиясын алган.

Тасмада баш каарман Азиз үй-бүлөсүн багуу үчүн айыл элинин малын алып жайлоого чыгат. Жайлоого жетүү үчүн ар кандай кыйынчылыктарды көрүп, турмуш-тиричилик үчүн чыныгы күрөш жүрөт. Адам, жаныбар, табият бири-бирине ылайыкташууга туура келет.

«Deutsche Welle» басылмасы калыстар тобу тасма абдан жандуу тартылганын, өздөрү кошо жайлоого бараткандай таасир алганын айтып, эмгекке жогорку баасын беришкен. Адистер оператордук ишти өзгөчө баалап, «кинонун тили менен тартылган мыкты фильм» деп аташкан.

Количество просмотров: 167