• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Оскар» сыйлыгын “Көчмөндөр жери” тасмасы алды

26 Чын куран 2021 18:48 Бишкек Govori.TV

Лос-Анжелесте 26-апрелде Америкалык киноакадемиянын сыйлыктарын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу эң маанилүү категориялар боюнча «Оскар» сыйлыгынан үчөөнү “Көчмөндөр жери” тасмасы алды.

Бул тасма «Мыкты фильм» аталды, «Мыкты режиссура үчүн» режиссеру Хлоя Чжао, «Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн» актриса Фрэнсис Макдорманд сыйланды.

Түбү кытайлык режиссер Хлоя Чжао мыкты режиссура үчүн “Оскар” алган экинчи аял, азиялык айымдардын арасынан биринчиси болду.

“Мыкты актер” деген номинацияда “Ата” тасмасында улгайган адамдын ролун аткарган Энтони Хопкинс жеңүүчү аталды.

Пандемиядан улам сыйлык тапшыруу аземи быйыл жарым-жартылай онлайн түрдө өттү. Мисалы, америкалыктар “Долби” театрында сыйланса, АКШга бара албагандар иш-чарага өз өлкөсүнөн видеобайланыш аркылуу катышты.

Количество просмотров: 235