Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Швейцариядагы эл аралык турнирден күмүш медаль утуп алды.
«CIG Challenge International de Genève» аталышындагы 53-турнир 17-19-январь күндөрү Женева шаарында өттү. Ага кыргызстандык спортчу брасс боюнча 3 дистанцияда катышты.
Турнирде 200 метр аралыкты сүзүп өтүүгө жалпы 19 спортчу катышты. Петрашов алдын ала сүзүүдө (2 мүнөт 18,06 секунд) финалга чыгып, анда берилген аралыкты 2 мүнөт 15,19 секундда сүзүп өтүп, күмүш медаль тагынды.
Д.Петрашов дагы башка эки дистанцияда финалга чыгып, 4-орунга жана 7-орунга ээ болду.
Булак: АКИпресс.