• Бейшемби 11 Кулжа 2026
  • Четверг 11 Июнь 2026

Кыргызстандык таксисттин сабалышы. Элчилик нота жөнөттү

3 Баш оона 202313:34 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча Россиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик маалымадагандай, окуя 18-июлда болгон.

«Видеоролик социалдык тармактарда тарагандан баштап, элчилик тараптан жабыркаган Кыргызстандын жаранын өздүгүн тастыктоо жана аны издөө иштери башталган. Учурда элчилик жабыркаган жаран менен байланыш түзүп, ага консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, жабыркаган кыргызстандыктын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү иштер көрүлүп жатат. Ошондой эле, элчилик Россиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жөнөтүлдү.

Эске салсак, социалдыкк тармактарга такси айдоочусун жүргүнчү бетке уруп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуядан кийин кыргызстандык жаран полицияга кайрылганы, бирок алар тиешелүү чара көрбөй жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 71