• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык жигит саткан баңгизаттын айынан 10 киши ууланып өлгөн

15 Тогуздун айы 202412:38 Бишкек Govori.TV

Орусияда Кыргызстандын 20 жаштагы жаранына карата кылмыш ишин тергөө аяктады, деп маалымдайт Астрахан облусу боюнча тергөө комитетинин сайты.

Ага карата 228.1- берене 4-бөлүгү, 30-берененин 3-бөлүгү, 228.1-берененин 4-бөлүгүнүн, 109-беренесинин 3-бөлүгү (Уюшкан топ тарабынан баңги каражаттарын мыйзамсыз сатуу, уюшкан топ тарабынан ири өлчөмдө баңги каражаттарын мыйзамсыз сатууга аракет кылуу, байкабастыктан эки же болбосо эки адамдын өлүмүнө алып келүү) кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык баңгизаттарды кийин кайра сатуу үчүн интернеттен сатып алган. Ал жаңылыштык менен күчтүү таасир этүүчү баңгизаттарды кардарларына алмаштырып саткан.

Натыйжада 8-майдан 11-майга чейин Астраханда 18 жаштан 40 жашка чейинки 10 адамдын жансыз денеси ар кайсы жерден, анын ичинде автоунаанын ичинен табылган. Алардын баары баңгизатка ууланып каза болушкан.

Азыркы тапта кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 314