• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлейт

22 Бирдин айы 202310:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык зыяратчыларды Jazeera Airways авиакомпаниясы тейлейт, деп билдирди Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан.

Муфтияттын маалыматына ылайык, буга чейин жарыяланган сынакта кувейттик Jazeera Airways компаниясы жеңишке жеткен.

«Тандоого КМДБнын башчысынын орун басары жана ажылыкка даярдоо боюнча штабдын башчысы Самидин Атабаев, жарандык авиациянын төрагалары жана штабдын жетекчилери катышты», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйыл Кыргызстанга биринчи жолу 6 миң квота бөлүнгөн.

Количество просмотров: 87