• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандыктар 19-июль күнү да эс алышат

14 Теке 202121:15 Бишкек Govori.TV

Дүйшөмбү – 19-июлдагы жумушчу күнү 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат. Буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай беш күндүк иш графиги менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды. Натыйжада, 2021-жылдын 19-июлундагы жумушчу күнү үстүбүздөгү жылдын 24-июлдагы эс алуу күнүнө которулат.

Кыргызстанда 20-июлда Курман айт белгиленет. Кыргызстандыктар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс алышат.

Количество просмотров: 443