Өлкөдө 23-февраль иш күнү болбойт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Мекенди коргоочулардын күнү календарда кызыл менен белгиленген. Ага ылайык, бул күнү мамлекеттик кызматта иштеген жарандар эс алышат.
Белгилей кетсек,23-февраль мурда Советтик Армиянын жана Аскер деңиз флотунун күнү катары белгиленчү. СССР тараганга чейин ар жыл сайын 23-февраль салтанаттуу майрамдалып турган. Кыргызстанда 2003-жылдан тарта бул күн календарда кызыл дата болуп белгиленип келет.