Бүгүн, 23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү! Аталган майрамды утурлай Govori.TV белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, бийлик өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан кимиси кайсы жерде аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу маалыматтарды топтоду.
Алсак, өлкө башчы Садыр Жапаров 1987-армияга кеткен. Жаңы чакырылган аскер Новосибирск облусунун Коченево кыштагында №57849 аскер бөлүгүндө 235-Таллинн Кызыл жылдыз ордендүү байланыш полкунда кызмат өтөөгө дайындалган. Эки жылдын ичинде Кыргызстандын болочок президенти радиотелеграф башкармалыгынын начальниги кызматына чейин көтөрүлгөн. Жана «Советтик Армиянын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.


Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев советтик армиянын катарында кызмат өтөгөнү маалымдалды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Ош шаарын мэри Жеңишбек Токторбаев 1986-1988-жылдары Германияда советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков 1981-1983-жылдары советтик армиянын катарында кызмат өтөп, Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан.

ЖК депутаты Руслан Жакышев 1993-1994-жылдары Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө аскердик милдетин аткарган.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 1988-1990-жылдары советтик армиянын катарына чакырылып, Ыраакычыгыш аскер округунда Шкотово айылында жээкти кайтаруу полкунда кызмат өтөгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 1983-1985-жылдары советтик армиянын катарында Германияда кызмат өтөгөн.

ЖКнын мурдагы депутаты, учурда Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районунун Акман айылындагы мектепте физика мугалими болуп иштеп жүргөндө аскерге чакырылган. Текебаев Феодосиядагы Кара деңиз флотунда 1981-жылдан 1984-жылга чейин болуп, келген соң мектепте мугалимдик кесибин уланткан.

Ал эми Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер Нияз 1988-1990-жылдары Германиядагы советтик аскерлердин Батыш тобунда, мотоаткычтарды даярдоо полкунда кызмат өтөгөн. Ал взводдун командиринин орун басары болгон.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы, мурдагы премьер-министр Темир Сариев 1981-1983-жылдары Украинада танк күчтөрүндө кызмат өтөгөн.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев 1987-1989-жылдары СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында Чита облусунда кызмат өтөгөн.
