• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кыргызстандыктар ипотека кредиттерди 7 % менен ала алышат

21 Аяк оона 2018 16:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.09.2018.Govori.TV.

2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык чегин 7 пайызга чейин төмөндөткөнгө даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеев президентке айтты.

Бүгүн, өлкөнүн финансы министри Адылбек Касымалиевди жана Мамлекеттик ипотека компаниясынын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеевди, президент кабыл алды, деп бирдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысына МИКтин төрагасы ипотекалык кредиттөөнүн Мамлекеттик программасын ишке ашыруу жана анын шарттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

«Азыркы күндө 8-10% менен суммасы 3,7 миллиард сомдук 3450 ипотекалык кредит берилген. 2018-жылдын күзүнөн баштап МИК бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн ипотекалык кредиттердин пайыздык ченин 7 пайызга чейин төмөндөткөнгө даяр», — деп билдирди компаниянын төрагасы.

Ошондой эле МИКтин төрагасы кийин сатып алуу үчүн ижарага берүү ыкмасы менен эконом-класстагы көп батирлүү үйлөрдүн курулушу тууралуу маалымат берди.

«Бул механизм алгачкы төлөмдү талап кылбайт жана пайыздык ченемди 6% чейин төмөндөтүүнү камтыйт. Азыркы учурда Нарын шаарында 5 кабаттуу 60 батирлүү эконом-класстагы үй жана Бишкек шаарындагы „Тунгуч“ кичирайонунда 9 кабаттуу 135 батирлүү үй курулууда», — деп белгиледи Бактыбек Шамкеев.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылы ипотекалык кредиттөөнү ишке ашыруу үчүн бюджеттен 1,3 миллиард сом, 2018-жылы 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. 2019-жылы бул сумманы 2 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков социалдык багыттагы «Арзан турак жай» Программасын ишке ашырууда МИК жарандардын төлөө жөндөмдүүлүгүн жана социалдык-экономикалык абалын эске алуу зарылдыгын белгиледи.

«Азыркы учурда бюджеттик тармактарда — медицина, билим берүү, маданият жана социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө иштеген жарандар үчүн бекитилген 8-10% төлөө кыйындыкка турат. Ошондуктан мамлекеттик ипотека боюнча кредиттердин пайыздык ченин төмөндөтүү боюнча ишти тездетүү керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Эконом-класстагы көп батирлүү турак жайларды куруу долбоорун ишке ашырууга токтолуп, Президент эконом-класстагы үйлөрдү аймактарда, тактап айтканда региондорду өнүктүрүү Концепциясында өнүгүү орундары катары белгиленген шаарларда курууну жана МИКтин турак жайларынын чарчы метринин наркы калктын көпчүлүгү үчүн жеткиликтүү болушун баса белгиледи.

Президент Мамлекеттик ипотекалык компанияга бюджеттен тышкаркы кошумча ресурстарды тартууну, финансы министрлиги менен бирдикте мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыруу үчүн кошумча ресурстарды издеп табууну сунуштады.

 

Количество просмотров: 35