• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстандыктарга ажылык сапарга барууга уруксат берилген жок

28 Тогуздун айы 2020 11:43 Бишкек Govori.TV

Сауд Араб Падышалыгы умра ибадатын аткарууга уруксат берилген жана уруксат берилбеген өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматына ылайык, Сауд Арабиясы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрү бар.

Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар.

Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56. Алардын катарында Кувейт, Россия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар.

Эске салсак, мурдараак Сауд Араб Падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгарын маалымдашкан.

Количество просмотров: 55