• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды

20 Бугу 2021 14:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын 13 шаарында мэр шайлоо дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.

Боршайкомдун 19-майдагы токтому менен Баткен, Жалал-Абад, Сүлүктү, Балыкчы, Кызыл-Кыя, Исфана, Айдаркен, Кадамжай, Кербен, Шопоков, Кайыңды, Кемин жана Орловка шаарларынын башчыларын шайлоо 7-июнга белгиленди.

Шаар башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары сессия чакырып шайлашат.

Кыргызстанда 11-апрелде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыкты.

Количество просмотров: 232