• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди

9 Жалган куран 202511:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн саат 05:21де жана 05:26да Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жердин силкинүү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык, Ичке-Жергез, Кереге-Таш айылдарында 3,5 баллга, Боз-Учук айылында 3 баллга, Каракол шаарында 2,5 чейин сезилген.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Канжыга, Тараалча айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 287