• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда жер титиреди

10 Үчтүн айы 202311:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ кабарлады.

Жер титирөө кечээ, 9-январь күнү саат 22:52де Сузак районунун Ак-Терек, Жийде, Кыргызстан айылдарында жана Көк-Жаңгак шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 355