Учурда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 4 миңден ашык жараны өлкөгө кайтып келүүгө даяр. Республикалык ыкчам штабдын 23-апрелдеги маалыматы боюнча, бул тизмеде Россиядан, Азиядан, Европадан, Африкадан жана АКШдан кайтып келүүнү каалаган жарандар бар.
Ал эми буга чейин Россиядагы жарандардын көпчүлүк бөлүгү Россиянын токтотулган каттамына авиабилеттерди алышкан.
«Алардын көпчүлүгү Россиядан, ошондой эле Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Египет, Тайланд, Кытай, Малайзия, Корея, Индонезия, Шри-Ланка, Вьетнам өлкөлөрүнөн келди. Мындан сырткары Москвадан келген каттам менен жарандар АКШ, Франция, Улуу Британия, Доминикана Республикасы жана башка мамлекеттерден учуп келишти», — деп айтылат республикалык штабдын маалыматында.