2026-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу алкагында футбол боюнча улуттук курама команда Түндүк Кореяны кечээ 1:0 эсебинде жеңди. Жалгыз голду 11 мүнөттө коргоочу Християн Браузман киргизди.
Буга чейин курама команда Иранга 0:1, Өзбекстанга 2:3, Катарга 1:3 эсебинде жеңилген.
Кыргызстан улуттук курама командасынын тайпасында алты команда бар. Азыркы тапта Максим Лисицын жетектеген команда 3 упай менен 5-орунда келе жатат.
Тайпанын сап башында Иран менен Өзбекстан алдыда келүүдө. Иран 10 упай, Өзбекстан 10 упай, БАЭ 4 упай, Катар 4 упай, Кыргызстан 3 упай, Түндүк Корея 2 упайга ээ.
Улуттук курама команда кийинки беттешин 14-ноябрда БАЭге каршы конокто, 19-ноябрда Иран менен Бишкекте ойнойт.
Тайпадан 1-2-орунду алган команда дүйнөлүк чемпионатка түз чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ал эми 3-4-орунду алган команда кийинки баскычтарда беттешип, дүйнөлүк чемпионатка чыгууга өз аракетин көрөт. Тайпадан 5-6-орунду алган команда дүйнөлүк чемпионатка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырайт.