• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстандын медиа сектору Министрлер Кабинетине кайрылуу жолдоду

9 Жалган куран 2022 16:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Бишкек шаарында интернеттеги такталбаган маалымат боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Ага Кыргызстандын медиа секторунун өкүлдөрү, жарандык активисттер жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү катышууда.

Медиа сектордун өкүлдөрүнүн айтымында, интернетте анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун долбоору коомдук талкууга коюлган редакциясы кабыл алынган учурда демократиялык өнүгүүгө жана маалыматтык коопсуздукка жол берилгис коркунучтарды жаратат жана Конституциясында белгиленген нормалардын жана принциптердин, Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин бузулушуна алып келет.

Ал эми министрликтин өкүлү Салкын Сарногоева мыйзам долбоору боюнча учурда атайы түзүлгөн комиссия иш алып барып жатканын белгилеп өттү.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстандын медиа сектору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайрылуу жолдоду.

Кайрылуунун текстин толугу менен төмөндө келтиребиз:

ЖМК өкүлдөрү, журналисттер, медиаэксперттер, юристтер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан иштелип чыккан Интернеттеги анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун gov.kg сайтындагы коомдук талкуулоо үчүн берилген долбоорун талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилешет:

Интернетте анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун долбоору коомдук талкууга коюлган редакциясы кабыл алынган учурда демократиялык өнүгүүгө жана маалыматтык коопсуздукка жол берилгис коркунучтарды жаратат. КР Конституциясында белгиленген нормалардын жана принциптердин, Кыргыз Республикасы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелердин бузулушуна алып келет.

Атап айтканда, тегерек столдун катышуучулары төмөнкүлөрдү баса көрсөтүшөт:

Жобонун долбоору сот органдарынын функцияларынын бир бөлүгүн, иш жүзүндө байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүүнү карайт, анын кызматкерлери Интернеттеги маалыматтардын тактыгы/так эместиги жөнүндө талаштарды чечишет.

Жобонун долбоорунда арыз ээсинин даттануусунун негиздүүлүгүн, даттанылган маалыматтын тактыгын жана так эместигин, кароонун жол-жобосу (процедурасы) камтылган эмес, сайттын же сайттын баракчасынын иштешин токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алууну баалоо критерийлери жана тартиби жок. Арыз ээсинин, жоопкердин (сайттын ээсинин), ошондой эле даттанууну карап жаткан кызмат адамынын кароо мөөнөттөрү, укуктары жана милдеттери да жок. Бул олуттуу коррупциялык тобокелдиктерди жаратат, анткени өзүм билемдик менен чечим кабыл алууга шарт түзөт.

Жобонун долбоору боюнча ЖМК материалдарына даттанууларды кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу, байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт, бирок бул анын максаттарына жана милдеттерине кирбейт.

Жобонун долбоору иш жүзүндө өлкөгө цензураны киргизет, ал эми буга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинде түздөн-түз тыюу салынган.

Жобонун долбоору иш жүзүндө Кыргызстанда даттануу берилген ар кандай массалык маалыматтын так эместик презумпциясын белгилесе, экинчи жагынан жалпыга маалымдоо каражаттарына берилген ар кандай даттануунун алдын ала негиздүүлүгүн белгилейт. Анткени, долбоордо арыз берүүчүнүн даттануусун канааттандыруудан баш тартуу варианты каралган эмес.

Жобонун долбоору кызыкдар адамдар тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына массалык түрдө негизсиз билдирүүлөрдү берүү коркунучун жаратат.  ЖМК ишин токтотуп коюуга, кошумча чыгымдарга жана алынбай калган пайдага алып келген атайылап негизсиз даттануу бергендиги үчүн, жобонун долбоору арыз ээсинин жоопкерчилигин (финансылык, административдик же башка) караштырбайт.

Мындан тышкары, жобонун долбоорун кабыл алуу жана аны ишке ашыруу төмөнкүлөргө алып келет деп ойлойбуз:

— мамлекеттик жана сот органдарынын кошумча финансылык жана материалдык чыгым тартуусуна;

— Кыргызстандын медиа каражаттарынын потенциалын алсыздандыруу жана алардын социалдык, экономикалык, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө пайда болгон чакырыктарга жооп берүү жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүү;

— ЖМК кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн терс социалдык кесепеттер;

— мамлекет жана жарандар үчүн терс укуктук кесепеттер, анын ичинде Конституцияны, Кыргызстан кол койгон эл аралык келишимдерди, Жарандык кодексти бузуу;

— жарандардын сөз жана ой эркиндигине болгон укуктардын бузулушу.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу медиа тармагынын өкүлдөрү абдан көңүл бурууну

сунуш кылышат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине

— Интернеттеги анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу жөнүндө жобонун долбоорун, андагы коррупциялык жана башка тобокелдиктерге алып келүүчү карама-каршылыктарды, боштуктарды жана ченемдерди четтетүү үчүн кайра иштеп чыгууга кайтаруу;

— «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө КР Конституциялык сотуна өтүнүч жиберүү;

— КР Конституциясына карама-каршы келген ченемдердин болушуна байланыштуу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча мыйзамдык актыларды иштеп чыгууну токтото туруу;

— медиа сектордун өкүлдөрү менен бирдикте жарандарды такталбаган маалыматтардан коргоонун альтернативдүү механизмдерин өркүндөтүү;

2. Медиа сектордун өкүлдөрүнө

— «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына карама-каршы келет деп таануу жөнүндө КР Конституциялык сотуна өтүнүч жиберүү;

— ЖМК ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алган жана КР Конституциясынын, мыйзамдарынын жана КР жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттердин кесиптик ишмердиги жана эркиндик чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелеринин ченемдерине карама-каршы келбеген альтернативдик механизмдер боюнча натыйжалуу сунуштарды киргизүү.

Количество просмотров: 116