• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыргызстандын ММА боюнча курамасы Таиланддагы дүйнө чемпионатында 9 медаль утту

13 Бештин айы 202315:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.

Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.

Алтын медаль ээлери:

Дооронбек Кылычбек уулу (52.2 кг);
Жаныбек Абдувалиев (61.2 кг);
Айжигит Эркебай уулу (70.3 кг);
Белек Абдижапаров (83, 9 кг);
Манас Темирбеков (94 кг).
Коло медаль уткандар:

Адилет Алимбай уулу (65 кг);
Дастан Жумабек уулу (94 кг);
Эржан Бексултанов (77 кг);
Мухамед-Шах Мустафакулов (65 кг).
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу жана улук машыктыруучу Айбек Бакасовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.

Количество просмотров: 113