• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргыз мушкерлери Таиландда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

21 Бугу 202516:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган The Thailand open international boxing tournament 2025 Эл аралык мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 22-майда башталган мелдеш 2-июнда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

  • 55 кг Ислам Төрөбаев;
  • 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 65 кг Мирзохид Имамназаров;
  • 70 кг Ихтяр Нишанов;
  • 75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
  • 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 85 кг Эркин Адылбек уулу.

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Количество просмотров: 227