• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыргызстандын муфтийи шайланды

26 Кулжа 2021 14:12 Бишкек Govori.TV

Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы — муфтий болуп шайланды.

Бишкекте бүгүн 26-июнда өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан анын талапкерлигин колдоду.

43 жаштагы Замир Ракиев Нарын облусунун Кочкор районда туулган. Египетте «Университетке даярдоо курсу» жана «Дин негиздери» багыты боюнча билим алган. Бишкек гуманитардык университетинен «Чыгыш таануу» адистигинде окуган. Эмгек жолун Чүйдөгү медресенин мугалиминен баштап, Нарын облусунун казысы, муфтийдин орун басары кызматын аркалаган. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан.

Количество просмотров: 349