“Манас” эл аралык аэропортунан Париж шаарынан келген Кыргызстандын паралимпиада командасын тосуп алышты. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Байсалов паралимпиадачы-спортчуларды XVII жайкы Паралимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышканы менен куттуктап, алардын жетишкендиктери менен сыймыктанаарын билдирди.
«Бүгүн биз паралимпиадачыларды эле эмес, чыныгы баатырларды сыйлап жатабыз. Сиздер кайраттуулуктун, күчтүүлүктүн жана ийилбес эрктин үлгүсүсүздөр. Жашоодо ар кандай тоскоолдуктарга карабай эң чоң бийиктиктерге жетүү мүмкүн экенин көрсөтүп жатасыздар. Жетишкендиктериңиз үчүн Сизге өлкөнүн Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан ыраазычылык билдиребиз. Биз сиздер менен сыймыктанабыз, бүгүн бүт Кыргызстан сиздердин күчүңүздөрдү жана туруктуулугуңуздарды көрүп турат. Сиздердин жеңишиңиздер өлкө үчүн сыймык жана биз мындан ары да өлкөбүздө параспорттун өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзөбүз”,-деди ал.
Ал гайддарга, машыктыруучуларга, дарыгерлерге жана спортчулардын жакындарына өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.
Паралимпиадалык команданын курамындагы Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиевага (пауэрлифтинг) 500 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.




