• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын түштүгүндө жер титиреди

6 Аяк оона 20249:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түштүгүндө түндө саат 02:53тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Фергана тоо кыркаларында Байбиче айылынан 15 чакырым чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 120 чакырым түндүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 176