• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

18 Кулжа 20249:20 Бишкек Govori.TV

18-июнда саат 02:12 очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Арсланбаб айылынан түштүк-батышка карай 4 чакырым, Жай-Терек айылынан түндүккө карай 4 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түндүк-чыгышка карай 40 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Калктуу пункттарда жердин силкинүүсү Арсланбаб жана Жай-Терек айылдарында 4 балл, Чарбак, Кызыл-Үңкүр, Көк-Алма, Үч-Булак айылдарында 3,5 балл, Тоскоол, Бабаш-Ата, Каду, Көсө-Терек жана Жаз-Кечүү айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 214