Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
29 Баш оона 202312:44 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпионатында 18 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 21-28-август күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага 7 мамлекеттен келген 970 тен ашык спортчу катышты. Кыргызстандын капчыгы 6 алтын, 3 күмүш, 9 коло медаль менен толукталып, курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алтын медаль ээлери:
Султан Атагелдиев 71 кг (17-18 жаш);
Хафизиллпх Исаков 57 кг (15-16 жаш);
Виктория Маликова 54 кг (17-18 жаш);
МиланаШихшабекова 54 кг (15-16 жаш);
Аделя Асылбек кызы 63.5кг (15-16 жаш);
Диана Заинитдинова +51 кг (13-14 жаш).
Күмүш медалдын ээлери:
1.Бектур Саимбеков 43кг (11-12 жаш);
Алия Салиева 48кг (15-16 жаш);
Баэл Таалайбек уулу 67кг (18 жаш);
Коло медалдын ээлери:
Ким Эрик 41кг (9-10 жаш);
Ильяс Абдулин 54кг (18 жаш);
Абу-Бакир Бакиев 28 кг (9-10 жаш);
Мухаммад Али Низов 26 кг (9-10 жаш);
Ким Сергей 67 кг (15-16 жаш);
Аловудин Гуламов 41кг (15-16 жаш);
Альберт Бактыбеков 57 кг (17-18 жаш);
Акжол Калмаматов 54 кг (13-14 жаш);
Ырыскелди Салымбаев 48 кг (15-16 жаш).
Белгилей кетсек, курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Сыргак Айталиев жана машыктыруучу Диьшат Даутовдун жетекчилиги алдында катышты.