Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Өзбекстанда өтө турган Азия чемпионатына (CAVA) катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 18-24-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Афганистан жана Мальдив аралдарынын курама командалары катышат.
Курама команда башкы машыктыруучу Андрей Анкудинов жана улук машыктыруучу Бакыт Алиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.