• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыргызстандык Каныкей Стамалиева гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту

26 Бугу 202614:19 Бишкек Govori.TV

Көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатынын лента менен көнүгүүсү боюнча финалда кыргызстандык спортчу Каныкей Стамалиева 24,25 балл алып, үчүнчү орунду ээледи.

Алтынды казакстандык гимнаст Анель Динишева (24,6 балл) алса, күмүштү өзбекстандык спортчу Ясмина Зуфарова (24,4 балл) алды.

Белгилей кетсек, Каныкей үчүн бул Азия чемпионаты экинчиси. Былтыр ал төртүнчү орунду ээлеп, пьедесталга чыга алган эмес. Бул жылы ал өлкөгө турнирдеги биринчи медалын алып келди.

Көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 2026-жылдын 23-26-май күндөрү Бишкектеги «Жаштык» аренасында өтүүдө. Биздин өлкө мындай жогорку деңгээлдеги турнирди биринчи жолу кабыл алууда.

Количество просмотров: 108