• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандын жараны Москвада искусство таануучу, жазуучу Раиса Кирсанованы өлтүргөн

25 Тогуздун айы 202410:45 Бишкек Govori.TV


Москвада 39 жаштагы Кыргызстандын тургуну кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети маалымдады.

Кыргызстандык жаран Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн пункту (Бейбаштык ниетте адам өлтүрүү) жана 139-беренесинин 2-бөлүгү (Турак жайдын кол тийбестигин бузуу) боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 19-октябрда кыргызстандык жаран 78 жаштагы адамдын жашаган батирине кирип, аны бир нече жолу башка урган. Аял алган жараатынан ооруканада каза болгон.

«Фонтанка» басылмасынын маалыматына караганда, маркум искусство таануу илимдеринин доктору, жазуучу Раиса Кирсанова болгон. Ошол күнү шектүү досу менен жолугуп, жумушка орношкону келген. Ага жумуш жок экенин билген кыргызстандык мас абалында үйлөрдүн кире бериштерин бойлой басып, батирлердин туткасын тарта баштаган. Алардын бири ачык болуп, Кирсанова жашаган үйгө кирген.

Кирсанованы сабап, андан соң жабырлануучунун үйүндө уктап калган. Коңшулар ызы-чууну уккандан кийин полиция чакырышкан. Укук коргоо кызматкерлери батирден уктап жаткан шектүүнү жана ошол учурда эс-учун жоготкон Кирсанованы табышкан.

Шектүү болсо эч нерсени эстей албай тургандыгын билдирген.

Количество просмотров: 323